Казакстандын коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды

Карим Масимов.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов кармалды. Бул тууралуу коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Ал мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелүүдө.

Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигинен үч күн мурда, Алматыдагы башаламандыктар башталган кезде бошотулган эле.

"Масимов жана башка бир нече киши мамлекетке чыккынчылык кылган деп шектелип, 6-январда тергөө абагына камалган",- деп айтылат маалыматта. Атайын кызмат бул боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Алматыда нааразылык жүрүштөрү курчуп кеткен учурда Масимов кызматынан алынган эле. Ушул маалда Алматыда "антитеррордук операция" башталганы кабарланган. Масимовдун ордуна Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген Эрмек Сагимбаев дайындалганы белгилүү болду.

Масимов өлкөнун туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин көп жылдан берки санаалашы катары айтылып жүрөт. 56 жаштагы Карим Масимов атайын кызматтын башына 2016-жылы келген. Ага чейин бир нече жолу өкмөттү жетектеген. (AbA)

Дагы караңыз

БелТА Лукашенко менен Назарбаев сүйлөшкөнүн жазды“Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштадыHRW казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырдыКыргызстандын аскерлери Казакстанга жетти