Казакстандын ички иштер министрлиги полиция органдарына 4266 адам алынып келингенин, кармалгандар арасында башка өлкөнүн жарандары бар экенин маалымдады.
“Алматы облусунун бир айылынан 100дөн ашуун киши колго түштү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кошуна өлкөнүн жарандары кармалды”, - деп айтылат билдирүүдө. Маалыматта кайсы өлкөнүн жарандары экени так айтылган эмес.
Мындан сырткары ИИМ Алматынын Калкаман кичи районундагы автоунаа оңдоочу жайлардын биринен ок-дарылар жана уурдалган буюмдар (велосипед, телевизор, мобилдик телефондор), Жамбыл облусундагы калктуу конуштардын биринен жашырылган курал-жарак табылганын кабарлады.
7-январдагы кайрылуусунда президент Касым-Жомарт Токаев “Алматыга 20 миң согушкер” кол салганын билдирген.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын маалымдаган. Токаев “террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин" айтты.
Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атады.
2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.
Соңку үч күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери барды.
Дагы караңыз
“Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштадыБелТА Лукашенко менен Назарбаев сүйлөшкөнүн жаздыHRW казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырдыКазакстанда нааразылыкка байланыштуу кармалгандар 4 миңге жакындады