Православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилеп жатат

Бишкектеги чиркөө. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 7-январда дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде, анын ичинде Кыргызстанда православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн (Рождество) майрамдайт.

Бул күнгө байланыштуу Бишкек жана Кыргызстан орус православ чиркөөсүнүн епархиясынын епискобу Даниил куттуктоо видеосун жарыялады.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, католиктер Юлиан календары менен 25-декабрда өткөрүшөт.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары кызыл менен белгиленген.

Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө ушул тапта православ, католик багытындагы 50дөн ашык диний мекеме иш жүргүзөт.

Дагы караңыз

Бишкектеги эки округдан талапкер болуу ниетин билдиргендер 19га жеттиПрезидент Жапаров менен Эрдоган Казакстандагы окуяны талкуулады“Манас” аэропорту Дубайдан келген менчик учак боюнча маалымат берди