Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болуу ниетин билдиргендер саны 19 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кабарланды.
Алардын тизмесин менен бул жактан таанышыңыз.
Аталган эки округда ноябрдагы шайлоода “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.
Жогорку Кеңештин 29-декабрда ишин баштаган жетинчи чакырылышы 90 депутаттан турат. Алардын 36сы өлкө боюнча түзүлгөн бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (TSh)
Дагы караңыз
ТИМ: Казакстандан 20 кыргыз жараны эвакуацияландыКара-Суунун тургуну чогуу жашаган келинди муунтуп өлтүргөнүн моюнга алды Президент Жапаров: Казакстанга туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп аскер жөнөтүп жатабыз