“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Кыргызстанга Казакстандан менчик учак учуп келди деген кабарларды төгүндөдү.
Ал "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө, 5-январда Казакстандан Бишкекке учак кондурууга кайрылуу түшкөн эместигин жазды.
"Алматыдан “Тез Жет” компаниясынын чартердик каттамы бош келген. Ал Оштон Алматыга учуп кеткен болчу. Ал эми бүгүнкү “Эйр Астана” компаниясынын Алматы-Бишкек-Алматы каттамы жүргүзүлгөн жок",- деди Курбанова.
Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандан Кыргызстанга менчик учак учуп келгени жөнүндө кабарлар тараган.
Демонстранттардын тобу Алматы шаарындагы аэропортту ээлеп алганын Телеграмдагы Orda_kz каналы күбөлөргө шилтеме кылып маалымдады. Азырынча бул маалыматты бийлик өкүлдөрү ырасташа элек.
2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.
5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (TSh)
Дагы караңыз
Митингчилер Алматыдагы аэропортту ээлегени кабарлануудаЖапаров: Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу Борбор Азияга маанилүү долбоорТИМ Кыргызстандагы тажик элчилигине нота тапшырды