Камчыбек Ташиев ооруканада пневмониядан дарыланууда

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев пневмония болуп Бишкектеги республикалык инфекциялык ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу 5-январда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, атайын кызматтын башчысынын абалы канааттандырарлык, дарыгерлердин консилиуму өткөрүлүп, дарылоо жүргүзүлүп жатат. Коронавируска тапшырган анализи таза чыкты.

Ташиев пневмония болуп 2020-жылдын июль айында да ооруган.

2021-жылдын февралында ал Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгону айтылган. (RK)

Дагы караңыз

Казакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды Казакстандын Ички иштер министрлиги 200дөн ашуун киши кармалганын кабарладыКыргызстан Казакстанда абал курчуй турган болсо чек арада тийиштүү чара көрүлөрүн билдирди6-январдын аба ырайы