ИИМ: Майрамдык күндөр тынч өттү, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок

ИИМ имараты.

Жаңы жылдык майрам күндөрү Кыргызстанда олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок, ыкчам-криминалдык абал туруктуу бойдон сакталууда жана милициянын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу 5-январда Ички иштер министрилиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, майрам күндөрү милиция күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатты. Коомдук тартипти сактоого жана элдин коопсуздугун камсыз кылууга элдик кошуундар да жардам берди.

Быйыл Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргызстанда 1-9-январь эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. (RK)

Дагы караңыз

Алматыдагы түнкү окуяларКазакстан: Масимовго “бийликти басып алуу” боюнча айып тагылды Кыргызстанда коронавирус көрсөткүчү кескин жогоруладыЖуртташтар кайсыл тармакка инвестиция салат?