Казакстанда полициянын автоунаалары өрттөлдү

Полициянын автоунааларынын өрттөнүп жаткан видеолору. Казакстан. Nexta Live телеграм-каналы тараткан видеолордон алынган скриншот.

Казакстандагы нааразылык акцияларынын жүрүшүндө полициянын бир нече машинеси талкаланып, өрттөлдү. Алардын өрттөнүп жаткан видеосун Nexta Live телеграм-каналы жарыялады. Мурда Беларустагы нааразылыктарды чагылдырган бул канал Казакстандагы окуялардын да видеолорун үзгүлтүксүз жарыялоодо.

Тасмалардын астына жазылган тексттерде автоунаалар өрттөнүп жаткан жерлер Алматы шаары экени баяндалат. Кичи автобус үлгүсүндөгү транспорт жана жеңил үлгүдөгү полициянын эн белгилери коюлган машинелер өрттөнүп жатканы көрсөтүлөт.

Күч кызматтарына тиешелүү автоунааларынын талкаланышы жана өрттөлүшү тууралуу укук коргоо органдары жана бийлик өкүлдөрү маалымат тарата элек.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Маңгыстау облусунда жана Алматы шаарында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Режим 5-январь 1:30дан баштап 19-январь түнкү саат 00:00гө чейин уланары айтылды.

Мурдараак Токаев видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен. Анын алдында “Твиттерде” жазган постунда, “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” үндөгөн.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү Казакстандын акцияга чыккандар тарабай турушат, айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашууда. Көчөдө аскердик техникалар жүрөт. Жүздөгөн адамдар кармалды.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалды. (ErN)