Парламенттин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков Бишкектин Биринчи Май райондук шайлоо округунан депутаттыкка талапкер болуу үчүн арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо Бишкек шаарындагы бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендер көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.
Эки округдан депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 15ке жетти.
Рыскелди Момбеков 2010-жылы бийликке келген убактылуу өкмөттүн учурунда маданият министринин милдетин аткаруучу, 2011-2012-жылдары болсо президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп иштеп, 2012-жылдан 2014-жылга чейин "Учкун" басмаканасын башкарган.
2015-жылы КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп келген. 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясы менен барган. Партия босого чектен өтпөй калган. (TSh)
Дагы караңыз
Казакстан: митингчилер Самара – Чымкент жолун тосууга аракет кылдыФранцияда коронавирустун жаңы штаммы табылдыПолиция "Азаттыктын" Алматы бюросунун жетекчиси Касым Аманжолду кармап, кайра бошотту