Казакстан: митингчилер Самара – Чымкент жолун тосууга аракет кылды

Уралдагы митинг, Батыш-Казакстан облусу. 4-январь, 2022-жыл.

Батыш-Казакстан облусунун Орал шаарында жүздөгөн кишилер экинчи күн катарынан нааразылык акциясына чогулду. Түшкө жуук шаардагы “Дина” дүкөнүнүн алдына кишилер чогула баштаган. Бул гипермаркет шаардын чет жакасында, Самара — Чымкент эл аралык автожолуна жакын жайгашкан. Митинг өтүп жаткан жерге көп сандагы полиция кызматкерлери тартылды. Мобилдик интернет иштебей калганы айтылууда.

“Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, митинчилердин лидерлери деле жок, талаптары дагы башаламан. Алар Жаңы-Өзөндөгү акцияларга колдоо иретинде топтолушканын айтышты. Ошондой эле баалардын өсүшү Казакстандын бардык аймагына мүнөздүү көрүнүш экенин белгилешкен.

Акцияда суюлтулган газдын баасын 50 теңгеге чейин арзандатуу (Жаңы жылдан 110 теңгеге көтөрүлдү), баалардын өсүшүн токтотуу жана жогорку бийликти “элдин көйгөйүн чече албаса, кызматтан кетирүү” талаптары коюлуп жатат. Митинг өтүп жаткан жерге Батыш Казакстан облусунун акиминин орун басары Бакытжан Нарымбетов келди.

Митингчилер эл аралык трассаны бөгөп салууга аракет кылышты. Бирок, күч түзүмдөрү алардын алдын тосуп, жолго өткөргөн жок. Ошондон кийин алар жөө шаарды көздөй бет алды. Алар шаардын борбордук бөлүгүнө чейин алты чакырымдай жолду басып өтөт.

“Алар жолду бойлоп тизилип баратышат. Бирок, ары-бери өткөн автоунааларга тоскоолдуктар жаралды. Анткени жакында жааган кардан кийин тротуарлар жана жолдун жээги тазаланбай калган”, - деп билдирди “Азаттыктын”кабарчысы.

Митингге чыккандардын саны 500гө жеткени айтылды.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

Дагы караңыз

Полиция "Азаттыктын" Алматы бюросунун жетекчиси Касым Аманжолду кармап, кайра бошотту Жаңы-Өзөндөгү акцияны колдоп чыккан активисттер 15 күнгө камалды Канада соту Иранда кыйраган учакта каза болгондордун куну боюнча өкүм чыгарды