Полиция "Азаттыктын" Алматы бюросунун жетекчиси Касым Аманжолду кармап, кайра бошотту

Касым Аманжол.

"Азаттыктын" Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол бошотулду.

Ал 4-январда Алматыдагы "Жетису" базарынын маңдайындагы нааразылык акциясын тартып жүргөндө кармалган. Журналисттик күбөлүгүн көрсөткөнүнө карабастан, полиция кызматкерлери анын камерасын тартып алып, автоунаасына салып кетишкени кабарланган. Эки сааттай убакыттан кийин Аманжолдон кечирим сурап, бошотушкан.

Журналист өзү жеткирилген Алматынын Медеу райондук полиция башкармалыгында "Жаңы-Өзөндөгү элдин талабын колдоп, нааразылыкка чыгууну көздөгөнү үчүн" кармалган 30чакты кишини көргөнүн билдирген. Полиция аларды суракка алып жатканына күбө болгон.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

Дагы караңыз

Бишкек: Парламенттик кайра шайлоого мурдагы эки депутат да катышканы жататКазакстанда нааразылык акциясы токтой элекФранцияда коронавирустун жаңы штаммы табылдыАКШ Конгрессинде коронавируска чалдыккандар көбөйдүКанада соту Иранда кыйраган учакта каза болгондордун куну боюнча өкүм чыгарды