Түркияда инфляциянын деңгээли дээрлик 20 жылдан берки эң жогорку чекке жетти. Өлкөнүн Статистика институтунун 3-январдагы маалыматына ылайык, декабрда эл керектөөчү товарлардын баалары андан мурунку жыл менен салыштырганда 36,1% өстү. Талдоочулар бул көрсөткүч 27% болот деп күтүшкөн.
Мындай жогорку инфляцияга 2002-жылдын сентябрында, президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясы бийликке келерине эки ай калганда туш болгон.
Эрдоган жана консервативдүү АК партиясы 2001-жылкы финансылык кризистен кийин Түркияда өнүгүү болуп, ийгиликке жетишкен. Бирок акыркы финансылык олку-солку экономикалык жетишкендиктерге көлөкө түшүрдү.
Инфляция азык-түлүктүн, транспорттун, электр жарыгынын жана башка эң керектүү товарлардын кымбатташына алып келди.
Түрк лидери баалардын өсүшүнө карабай, борбордук банктан үстөк пайызды төмөндөтүүнү талап кылды. Былтыр улуттук валюта – түрк лирасынын куну 44% арзандаган.
Азыркы экономикалык кырдаал борборазиялык мигранттарга да катуу таасир этти.
Андан тышкары инфляция саясий маселеге да айланды. Оппозиция лидерлери 2023-жылы күтүлүп жаткан шайлоо алдында аны курал катары пайдаланып жатканы айтылууда. (AA\ErN)
Дагы караңыз
"Каракол" паркы: Коттеж шаарча курууга уруксат жокТүркмөн чек арачылары талиб жоочулары менен кагылышты Бир айда “Тазалыктын” үчүнчү жумушчусу иш учурунда мерт болду Статком: Кыргызстандын калкы былтыр дээрлик жүз миң адамга көбөйдү