Кыргызстанда калктын саны былтыркы жылдын он айында 1,5% көбөйгөнүн Улуттук статистика комитети билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, январь-октябрь айларында элдин саны 98 миң адамга көбөйүп, жалпы 6 миллион 735 миңге жетти.
Калк эң көп отурукташкан аймактар – Ош, Жалал-Абал, Чүй облустары жана Бишкек шаары.
Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны чет мамлекеттерде эмгек миграциясында экени бейрасмий айтылып келет, алардын көбү Орусияда. (RK)
Дагы караңыз
Бир айда “Тазалыктын” үчүнчү жумушчусу иш учурунда мерт болду Москвадагы мушташ: кыргыз жарандары кармалды"Центерра" сүйлөшүү боюнча өз шарттарын жарыяладыCOVID-19: Дагы эки адам каза болду, 52 бейтап жаңы катталды