ИИМ экстремизмге каршы мыйзам долбоорун иштеп чыкты

Иллюстрация.

Ички иштер министрлиги “Экстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду. Долбоор koomtalkuu.gov.kg сайтында жарыяланды.

Негиздеме катында министр Улан Ниязбеков документ экстремизмге каршы аракеттерди жаңы Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн даярдалганын билдирген. Ал экстремизм менен күрөшүүдө эл аралык жана заманбап ыкмалар зарыл экенин, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү байкалып жатканын билдирди.

Мыйзам долбоорунун негизги максаты – адам укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин, өлкө аймагынын бүтүндүгүн, коопсуздугун коргоого багытталганы айтылды.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

2003-жылдан бери 21 диний бирикмеге өлкө аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган. (TSh)

Дагы караңыз

Тимур Файзиев "Асман шаары" долбоорунун жетекчиси болгонун билдирди"Центерра" сүйлөшүү боюнча өз шарттарын жарыяладыМаңгыстауда газ кайра 90 теңгеге арзандады