Коронавирустан дагы бир адам каза болду

3-январга карата өлкө боюнча коронавирустан дагы бир адам каза болду. Ал эми вирустун жаңы 41 учуру катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (39) аныкталган.

Ош шаарында төрт адам катталса, калган аймактарда вирусту жугузгандар аныкталган жок.

Вирус жуккандардын расмий саны 184 827ге жетти, анын 179 900дөн ашыгы айыкты. Каза болгондор 2800дөн ашты.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. (BkA)

Дагы караңыз

Ошто Бактыбек Калмаматовдун тарапкерлери акцияга чыгышты Кыргызстан "Камбар-Ата 1" ГЭСин өзүнүн эсебинен курууну караштырууда Тепкеде мектеп окуучуларынын сабалышы боюнча жыйын өтүп жататКытайдын дүйнөдөгү ролу кандай болот? Ак-Суу: Тепкеде окуучулар сабалды, курал колдонулганы кабарланды