Ак-Суу: Тепкеде окуучулар сабалды, курал колдонулганы кабарланды

Тепкедеги орто мектеп.

Ак-Суу районундагы Тепке айылында мектеп окуучулары сабалып, эки бала ооруканага түштү. Бул тууралуу айылдын Ден соолук комитетинин мүчөлөрү «Азаттыкка» кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 1-январга караган түнү болгон. Жергиликтүүлөр коңшу Курбу айылынан келген ондон ашык бала 9-класстын окуучуларын ур-токмокко алып, травматикалык курал колдонушканын айтышууда. Окуучулардын биринин колу сынып, дагы бири мээси чайкалып ооруканага түшкөн.

Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров «Азаттыкка» жапырт мушташ болгонун ырастады. Анын айтымында, учурда окуяны райондук милиция териштирип, жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Курбу айылынан келген балдар мектеп окуучуларыбы же жокпу, азырынча белгисиз. Милиция комментарий бере элек.

Окуя боюнча Тепке айылында жергиликтүү тургундар 3-январда чогулуш өткөрүүнү көздөп жатканы кабарланды. (BkA/KS)

Дагы караңыз

Биринчи май жана Свердлов округдарынан талапкер болууну каалагандар 13кө жеттиЭлчилик Орусияда мушташка катышкан кыргызстандыктар жөнүндө маалымат тараттыӨзбекстандын жаңы каныкеси ким?Президент Жапаров "Центерра" менен сүйлөшүүдө жылыш бар экенин айтты Израил Газага жооп иретинде чабуул жасаганын билдирди