Аба ырайы: тоолуу аймактарда кар жаайт

Иллюстрациялык сүрөт.

3-январда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…1, күндүз 7…12,

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7​, ​

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…2, күндүз 8…13, ​

Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -4…-9​ ​

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз 10…12° жылуу болот. (МТа)

Дагы караңыз

Коронавирустан эмделбеген эки адам каза таптыПрезидент Жапаров чет өлкөлүктөрдү Кыргызстанда лыжа тебүүгө чакырдыТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Таңкы Азаттык (2-чыгарылыш)