Рим папасы аялдарга зомбулукту кудайга "акаарат келтирүүгө" теңеди

Рим папасы Франциск.

Рим папасы Франциск 1-январда жасаган салттуу жаңы жылдык кайрылуусунда аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырып, муну кудайга "акаарат келтирүү" деп атады.

"Ушунчалык көп аялдар зордук-зомбулукка кабылышат! Жетишет! Аялды таарынтуу бул кудайга акаарат келтирүү", - деди 85 жаштагы понтифик.

Өткөн айда жасаган кайрылууда дагы Рим папасы аялды уруп-сабаган эркектердин жосундарын "шайтандын ишине" теңеген.

Пандемия башталгандан бери Рим папасы Франциск бир нече жолу үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы кайрылуу жасады. Карантин чектөөлөрү маалында аялдарга болгон зордук-зомбулук кескин көбөйгөн.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жылдан жылга үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп баратат.

Жакында эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов быйылкы жети айда 8405 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталганын ырастаган. Өткөн жылы жети айда 6060 окуя болгон.

Дагы караңыз

Көп мамлекеттер Жаңы жылды карантин чектөөлөрү менен тосту Садыр Жапаров бардык саясий күчтөр менен иштешүүгө даяр экенин айттыЕвробиримдиктин төрагалыгы убактылуу Францияга өттү