Көп мамлекеттер Жаңы жылды карантин чектөөлөрү менен тосту

Грециядагы жаңы жылдык фейерверк. 1-январь, 2022-жыл.

Дүйнөнүн көп мамлекеттери коронавирустун жайылып жатканына байланыштуу карантин чектөөлөрү менен 2022-жылды тосушту.

Афины, Лондон, Париж, Берлин жана башка шаарларда негизги жаңы жылдык иш-чараларда жана фейерверк аттырууга тыюу салынган. Парижде адамдар көчөдө да беткап тагынып жүрүүгө милденттендирилди. Канаданын Квебек шаарында коменданттык саат киргизилип, майрамдык шаан-шөкөттөр өтпөй калды.

Москванын жашоочулары жаңы жылды эч кандай олуттуу чектөөлөрү жок эле тосушту. Дубайда дагы коронавирус жайылып жактанына карабай эң бийик имараттан фейерверк атылып, лазердик шоу көрсөтүлдү.

Нью-Йорктун Таймс-сквериндеги жаңы жылдык шоуну көргөндөрдүн санына чектөө киргизилип, эмделген 15 миң адамдын чогулуусуна гана уруксат берилди. Бул пандемияга чейинки сандарга караганда кыйла аз.

Дагы караңыз

Евробиримдиктин төрагалыгы убактылуу Францияга өттүЖаңы жыл түнү өлкө боюнча 265 ымыркай төрөлдүЫсык-Көл: 1-январга караган түнү төрт кылмыштын бети ачылды