2-январда түнкүсүн Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаайт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көлдө жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9,
Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,
Нарын жергесинде түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -3…-8
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -1…+1, күндүз 7…9° жылуу болот.
Дагы караңыз
Кыргыз спорту багындырган бийиктикЫсык-Көл: 1-январга караган түнү төрт кылмыштын бети ачылдыКамактагы Акбөкөн Таштанбековго депутаттык төш белги тапшырылды