Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 31-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада өлкө боюнча COVID-19 вирусунан эки киши кайтыш болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан жалпы 2 802 киши көз жумду.
Өткөн суткада дагы 56 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүй аймагында.
- Бишкек шаарында - 41
- Жалал-Абад облусунда - 7
- Баткен облусунда - 3.
- Ош облусунда - 2
- Талас облусунда - 2
- Чүй облусунда - 1
Азыркы учурда өлкө боюнча 257 адам медициналык жардамды ооруканадан, 319 киши үйүнөн алууда.
Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 31-декабрга карата 1 млн. 229 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын бир миллиондон ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (МТа)
Дагы караңыз
Ашыгына айлакерлик менен жеткен Тилекмат"Азаттык"-2021: Чек арадагы жашоо, кайнаган саясат, талбаган журналисттерТоктогулда суу былтыркыдан 2,3 млрд. куб метрге азИИМ: майрам күндөрү мас айдоочуларга каршы чаралар күчөтүлөт