Кайра шайлоого катышуу ниетин билдиргендердин саны тогузга жетти

БШКнын имараты.

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкек шаарынын Свердлов жана Биринчи май округдары боюнча кайра шайлоого катышуу үчүн дагы үч талапкерден арыз түштү. Ушуну менен арыз тапшыргандардын саны тогузга жетти.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болгон. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо жарыяланат. БШК кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгиледи.

7-чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

29-декабрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы биринчи жыйынын өткөрүп, төрагалыкка “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен келген депутат Талант Мамытов шайланды. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкек абасы булганган шаарлардын алдыңкы сабынан түшө элекГани Ооганстандан чыгып кетүүдөн башка аргасы болбогонун билдирдиДепутаттар парламенттин түзүмүн 12-январда карайтКыргызстанда 4 миңге жакын үй-бүлө кооптуу аймактан көчүрүлүшү керек