Караколдо жаңы гемодиализ борбору ачылды

Каракол шаарында жаңы гемодиализ борбору

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жаңы гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу 30-декабрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жеке компания куруп, жабдыган борбор менен ушул эле күнү президент Садыр Жапаров таанышып чыкты.

Караколдогу борбор 70ке чейин адамды тейлей алат. Учурда бул компаниянын гемодиализ борборлорунда 31 диализатор (жасалма бөйрөк жабдуусу) бар, анын бешөө Балыкчы шаарында, алтоо Чолпон-Атада жайгашкан.

Мамлекет башчысы келерки жылы Ысык-Көл облусунда курула турган жаңы аймактык оорукананын финансылык долбоорун иштеп чыгууну тапшырды жана облустук бириккен ооруканасына "Тез жардам" унаасынын ачкычын тапшырды.

Гемодиализ - бөйрөк оорусуна чалдыккандарды дарылоо процесси. Жабыркагандар аппарат аркылуу канын тазалатып турат.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 миң 700дөй киши гемодиализге муктаж. (МТа)

Дагы караңыз

Кытайга каршы көрсөтмө берген этникалык казак кысымга кабылганын айтты"Дүйшеке, Базарбайдын сөзүн кайдан таап алгансыз?"Орусиядан ташылган бажы алымысыз күйүүчү майдын көлөмү көбөйдү"Билим берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушталды