Кыргызстанда 3859 үй-бүлөгө кооптуу аймакта жашагандыктан, ал жерден көчүп кетүү зарылдыгы эскертилген. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди. Анын айтымында, 2488 үй-бүлөгө казынадан акысыз каражат жана жер тилкеси бөлүнгөн. Бирок ал үй-бүлөлөр азыркы күнгө чейин көчүп кете элек.
Министр кооптуу аймакта жашагандарга канча суммада каражат берилгенин тактаган жок.
“2488 үй-бүлөгө мамлекет кайтарымсыз негизде каражат жана жер тилкесин бөлүп берген. Ага карабастан, жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин ошол жакта күн кечирүүдө. Ал мекендештерибиз өзүлөрүнүн үй-жайын, ата-бабасы байырлаган ата-конушун таштап кеткиси келбегендигин айтып, кайдыгерлик кылууда. Министрлик жаңырган жылдан тартып, ушундай кооптуу аймактарды кыдырып жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп, аларды коопсуз жайга көчүрүү аракетин баштайт”, - деди Ажикеев.
Кыргызстанда жай айларында селдер ондон ашык адамдын өмүрүн алды. Суу нугунан ашып жолдорду, эгин талааларын каптап, каналдар, көпүрөлөр жарактан чыкты. Бийлик кооптуу аймактарда жашап жаткандарды көчүрүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берилгенин билдирген. (TSh)
Дагы караңыз
ИИМ кылмыш чөйрөсүндө жогорку макамы бар тогуз киши камакта экенин билдирдиАйжигитов: парламентте төрт вице-спикер болотЖогорку Кеңештин түзүмүн аныктоодо талаш чыктыИИМ психотроптук маңзат жасаган жай табылганын билдирдиКоронавирустан дагы бир бейтап кайтыш болду