Орусия 2022-жылы бажы алымы жок Кыргызстанга 650 мин тонна бензин жана 550 миң тонна дизель отунун берет. Бул тууралуу Орусиянын Энергетика министрлиги кабарлады.
2021-жылы Москва Бишкекке 460 миң тонна бензин жана 485 миң тонна дизель майын жиберген. Кыргызстан жылына 1 млн. тоннадан ашык күйүүчү май керектейт. Өлкө мунайга дээрлик Орусиядан көз каранды.
Буга чейин Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы алдыда күйүүчү майдын баасы дагы жогорулашы мүмкүн экенин эскерткен.
Бишкек шаарында Аи-92 үлгүсүндөгү бензин 58-59 сомдон сатылып жатса, алыскы аймактарда мындан бир топ кымбаттады. (TSh)
Дагы караңыз
ИИМ кылмыш чөйрөсүндө жогорку макамы бар тогуз киши камакта экенин билдирдиАйжигитов: парламентте төрт вице-спикер болотИИМ психотроптук маңзат жасаган жай табылганын билдирдиКоронавирустан дагы бир бейтап кайтыш болду