Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 2008-жылы электроэнергия импорттоодо 12 миллион доллардын уурдалышына катышы бар деп шектелүүдө. Бул тууралуу ал Башкы прокуратурага сурак берип чыккандан кийин билдирди.
Ал кезде Додон экономика министринин кызматын аркалап турган. Экс-президент бейкүнөө экенин жана тергөө менен бул жатта кызматташууга даяр экенин кошумчалады.
“Эч кайда качпайм. Айрым маалымат каражаттары “Додон өлкөдөн качты” деп шоу жасап жатышат”, -деди ал.
Тергөөнүн версиясына ылайык, 2008-жылдын башында Молдовага электрэнергия импорттогон Energocom компаниясынын жетекчилиги аткаминерлер менен сүйлөшүп алып кылмыш схемасын түзүшкөн. Алар электроэнергияны сатып алуу баасын негизсиз көтөрүп, айырмадан түшкөн акчаны өз чөнтөгүнө салып турушкан. Прокурорлордун эсебинде, бул сумма 11,97 миллион долларды түзгөн.
Орусиячыл Социалисттер партиясын жетектеген Додон мамлекет башында 2016-2020-жылдары турган.
Дагы караңыз
Президент депутаттарды Иш башкармалыкты бөлүү оюнан кайтууга чакырдыЖогорку Кеңештин түзүмүн аныктоодо талаш чыктыИИМ психотроптук маңзат жасаган жай табылганын билдирди