Босния-Герцеговинанын прокуратурасы 1992-жылкы согуштун башында 100 чакты мусулманды өлтүрүү үчүн босниялык тогуз сербге айып такканын билдирди. 29-декабрдагы билдирүүдө айтылгандай, босниялык сербдердин уруш маалындагы армиясынын тогуз кол башчысы Невесинье айылында ондогон аялдарды, кары-картаңдарды, 2-15 жаштагы балдарды өлтүрүүгө аралашкан деп шектелүүдө.
“49 кишинин сөөктөрү табылды, калган 47 кишинин сөөктөрүн издөө уланууда”, - деп билдирген прокуратура айыпталып жаткандар 16-декабрда кармалганын кошумчалады. Маалыматка караганда, сербдер үстөмдүк кылган айылда бүтүндөй үй-бүлөлөр кырылган учурлар болгон.
Босния-Герцеговинанын Тергөө агенттиги жакында согуш кылмыштарына шектелген бир нече адамды кармаган.
Босния көз карандысыздыгы үчүн тутанган 1992-1995-жылдардагы согуш 100 миңден ашуун кишинин өмүрүн алган. 2 миллиондон ашуун киши жер которууга аргасыз болгон.
Дагы караңыз
Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды Путин СССРдин жарандарына паспорт алууну жеңилдетүүнү сунуштадыБишкек абанын булгануусу боюнча экинчи сапка чыктыКытай Space X спутниктерин космос станциясына "коркунуч жаратты" деп айыптадыПарламенттин VII чакырылышы ишин баштады, Мамытов спикер болду