Кытай Илон Масктын Space X компаниясынын спутниктери Жер орбитасындагы космос станциясынын к"оопсуздугуна коркунуч жаратты" деп айтып чыкты.
БУУнун Баш катчысына жөнөтүлгөн нотада Бээжин июль жана октябрь айларында Кытайдын космос станциясы Starlink спутнигин сүзүп албаш үчүн буйтап өтүүгө арагасыз болгонун билдирди. Кытайдын айтымында, ал жандоочтор станциянын жанында туш келди учуп жүргөн.
Бээжин 1967-жылы кол коюлган эл аралык келишимге ылайык, өлкөлөр мамлекеттик жана менчик компаниялардын космостогу аракеттери үчүн жооп берерин эске салды.
Ушу тушта орбитада 1 миң 800 Starlink спутниги иш алып барат. Алар 20 чакты өлкөнү ылдам интернет менен камсыздайт.
SpaceX Кытайдын дооматына комментарий берген жок.
Дагы караңыз
Парламенттин VII чакырылышы ишин баштады, Мамытов спикер болду Жогорку Кеңештин төрагалыгына Мамытов менен Мадумаров сунушталдыМадинанын өлүмү боюнча экинчи айыпталуучу 11 жылга кесилдиПарламентте 13 депутат "Элдик" деп аталган топ түздүӨзбекстандык Нодирбек Абдусатторов тез шахмат боюнча дүйнө чемпиону болду