Коронавирустан дагы бир бейтап кайтыш болду

COVID-19 вирусун аныктоочу лаборатория. Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 29-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада өлкө боюнча COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан жалпы 2 799 киши көз жумду.

Өткөн суткада 40 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүй аймагында.

  • Бишкек шаары - 14
  • Чүй облусу - 9
  • Ысык-Көл облусу - 8
  • Жалал-Абад облусу - 7
  • Баткен облусунда - 2.

Азыркы учурда өлкө боюнча 266 адам медициналык жардамды ооруканадан, 312 киши үйүнөн алууда.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 28-декабрга карата 1 млн. 215 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын бир миллиондон ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (МТа)

Дагы караңыз

Мадумаров: Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер болууну карап көрөм (видео)Чет өлкөлүктөргө каршы 191 кылмыш катталдыТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Кыргызстан менен "Центерра Голд" "ажырашууга" бет алды