Парламенттин 7-чакырылышы ант берип, төраганы шайлайт

Жогорку Кеңештин жыйындар залы, архив сүрөт.

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Ушул эле күнү төрага шайланат деп күтүлүүдө. "Азаттыктын" ишенимдүү булактарынын айтымында, төрагалыкка Талант Мамытов жалгыз талапкер болууда.

28-декабрда Жогорку сот "Альянс" партиясынын арызын карап, аны партиянын пайдасына чечти. Соттун бул чечими Жанарбек Акаевдин мандат алуусуна жол ачат. Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын бир мандаттуу Чүй - Кемин округунан эң көп добуш алган Медербек Саккараевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон жок.

Буга чейин Жогорку сот айрым шайлоо тилкелериндеги добуш берүүнүн протоколдорун жокко чыгаруу боюнча кайрылган "Азаттык" партиясынын арызын канааттандырган эмес. "Жашасын Кыргызстан" партиясы боюнча дагы Жогорку сот ушундай эле чечим чыгарган. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусиядагы мигранттар үчүн жаңы эрежелер киргизилдиБШК шайлоонун жыйынтыгын бекитип, депутаттарды каттадыБеннет Иран менен державалардын келишими тууралуу оюн айтты Киргшелктогу каргаша: үч аялдын өлүмүнө шектелгендер акталдыАзербайжанда журналисттер жаңы мыйзам долбооруна каршы чыгышты