Кыргыз-орус фонду Бала-Саруу ГЭСин курууга каражат бөлөт

Киров суу сактагычы.

Министрлер кабинети Таластагы Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каржат бөлүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта "Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Талас облусундагы Киров суу сактагычына Бала-Саруу ГЭСин куруу үчүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн. доллар каржы алары айтылат.

"Бала-Саруу ГЭС курулуш долбоору - жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзгөн, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт.с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгаруучу чакан ГЭСти түшүндүрөт. Аталган гидроэлектростанциянын иштөө режими ирригациялык режимге жана Киров суу сактагычынан сууну кое берүүсүнө ылайык жөнгө салынат", - деп айтылат өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Президент Садыр Жапаров августта Киров суу сактагычында жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.

Жаңы ГЭС курулушун Энергетика министрлигинин жана "Улуттук энегохолдинг компаниясынын" көмөгү менен "Чакан ГЭС" ААК ишке ашырат. Долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландалган. (МТа)

Дагы караңыз

2021: Тандоо жасалды, кезек убаданын аткарылышындаЖогорку сот "Азаттык" партиясынын арызын канааттандырган жокТаңкы Азаттык (3-чыгарылыш)Садыр Жапаров КМШнын саммитине катышуу үчүн Орусияга учуп кетти