Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан жалпы 2 798 киши көз жумду.
Өткөн суткада 46 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталган. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте жана Чүй аймагында.
- Бишкек шаары - 19
- Чүй облусу - 10
- Ош облусу - 4
- Нарын - 1
- Ысык-Көл облусу - 5
- Жалал-Абад облусу - 5
- Баткен облусунда - 2.
Азыркы учурда өлкө боюнча 589 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 264ү ооруканада болсо, 325 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.
Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 28-декабрга карата 1 млн. 215 миңден ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын бир миллиондон ашууну эки дозаны тең сайдырышты. (JsA)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров КМШнын саммитине катышуу үчүн Орусияга учуп кеттиТаласта соодагерлер ККМ системасына каршы акцияга чыгыштыПакистандык студенттерге карата 63 кылмыш катталдыКремль 2024-жылдагы президенттик шайлоого даярдык баштаганы айтылды