Садыр Жапаров КМШнын саммитине катышуу үчүн Орусияга учуп кетти

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышуу үчүн 28-декабрда Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат бар.

Жолугушууга Армения, Азербайжан, Беларус, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери катышат. Мейман катары Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин да келери күтүлүүдө. Бейформал саммит орус президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өткөнү жатат.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги СССР таркаган соң эгемендүү мамлекеттердин келишимдеринин негизинде түзүлгөн. (КЕ)

Дагы караңыз

Таласта соодагерлер ККМ системасына каршы акцияга чыгыштыПакистандык студенттерге карата 63 кылмыш катталдыКремль 2024-жылдагы президенттик шайлоого даярдык баштаганы айтылдыБиринчи май, Свердлов округдарында кайра шайлоого 18,5 миң сомдой жумшалат