Биринчи май, Свердлов округдарында кайра шайлоого 18,5 миң сомдой жумшалат

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо. 28-ноябрь, 2021-жыл. Бишкек

БШК бүгүн, 27-декабрдагы жыйынында Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгиледи. Аны өткөрүүгө 18,5 миң сомго жакын каражат сарпталат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинде 6 миң 200 сомдон ашыгыраагы БШКнын чыгымдары, калган 12 миң 200 сомдон ашыгы округдарга бөлүнөрү көрсөтүлгөн.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болгон.
Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайрадан шайлоо жарыяланат.

7-чакырылышта 90 депутат болот. Анын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат. (КЕ)

Дагы караңыз

Бир жылда 1862 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы расмий катталдыКыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолуктуУкраинада аялдар да аскердик каттоого алынат Санариптик өнүктүрүү министри Догоевдин кызматтан кеткени кабарланды