БШК 33 округ боюнча шайлоо жыйынтыгын бекитти

28-ноябрдагы парламенттик шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы бир мандаттуу 33 шайлоо округу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу шайлоо комиссиясынын 27-декабрдагы жыйынында белгилүү болду. "Баарына каршы" көп добуш берилген Биринчи май жана Свердлов округдарындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын БШК жараксыз деп тапты. Бул округдарда 2022-жылдын 27-февралында кайра шайлоо өтөт.

Ошондой эле Чүй-Токмок округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитиле элек. Бул округдан алдыга чыккан Медербек Саккараевдин Казакстандын жараны экени аныкталгандан кийин БШК анын талапкерлигин четке каккан. Буга макул болбогон Саккараев сотко кайрылган. Учурда анын арызы Жогорку соттун кароосунда турат.

БШК бекиткен 33 округдагы депутаттар тууралуу төмөнкү шилтемеден окусаңыз болот. (BkA)

Дагы караңыз

Биринчи май жана Свердлов округунда кайра шайлоо 27-февралга белгилендиЧек ара кызматы аткезчилерге эскертүү үчүн ок атылганын маалымдады Ноокатта өрт кырсыгынан төрт адам каза болдуАкылбек Жапаров суу түтүгү жарылган Бишкек ЖЭБине бардыСаясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду