Биринчи май жана Свердлов округунда кайра шайлоо 27-февралга белгиленди

Парламенттик шайлоо учуру. 28-ноябрь, 2021-жыл.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарында кайра шайлоо 27-февралда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүнкү жыйынында белгилүү болду.

Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуш берүүгө даярдыкты баштоо чечимин кабыл алды.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында «баарына каршы» добуш бергендер көп болгон.

Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайрадан шайлоо жарыяланат.

Дагы караңыз

Чек ара кызматы аткезчилерге эскертүү үчүн ок атылганын маалымдады Ноокатта өрт кырсыгынан төрт адам каза болдуУКМК "Кадастр" ишканасынын дагы бир кызматкери кармалганын билдирди Садыр Жапаров КМШнын саммитине катышуу үчүн Орусияга баратПрезиденттин маалымат катчысы "Ысык-Көл" мейманканасы боюнча Мадумаровго жооп берди