Башкы прокуратура Айзаданын өлүмү боюнча териштирүү көзөмөлдө экенин эскертти

Башкы прокуратура адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча айыпталган милиция кызматкерлеринин иши өзгөчө көзөмөлдө экенин билдирди. Мындай билдирүүнү Башкы көзөмөл орган 27-декабарда таратты. Буга чейин айрым маалымат каражаттары бул окуя боюнча милиция кызматкерлерине козголгон иш кыскартылганын жазып чыккан эле.

Прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Айзаданын өлүмү боюнча Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын кызматкерлерине карата "шалаакылык" беренеси менен козголгон ишти УКМКнын шаардык башкармалыгы тергеп жатат.

Быйыл апрелде Бишкекте Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча Теңизбаев кызды үйлөнүү максатында уурдаган. Айзада макул болбой койгону үчүн муунтуп өлтүрүп, анан өз жанын кыйганы айтылган эле.

Бул үрөй учурган окуядан кийин Ички иштер министрлигинин кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон 12 кызматкер жумуштан алынып, 40ка жакынына сөгүш берилгени расмий жарыяланды. Бишкектин прокуратурасы милиция кызматкерлеринин иш-аракетин "шалаакылык" беренеси менен тергеп, иликтөө жүргүзгөн. Жарандык активисттер Айзаданын өлүмү үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековду кызматтан алууну талап кылышкан эле.

Быйыл сентябрда Айзаданын өлүмүнө катышы бар деп табылган беш кишиге сот өкүмү чыкты. Алардын үчөө жети жылга, экөө алты жарым жылга кесилген. (BkA)

Дагы караңыз

Өкмөт үйүнүн алдында жаңы Салык кодексине каршы митинг өтүүдөКыргызстанда жол кырсыктары 22 пайызга көбөйдүНоокатта өрт кырсыгынан төрт адам каза болду"Дордой-Моторс" базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияга чыктыБШКнын квота боюнча арызы Жогорку сотто 28-декабрда каралат