Өкмөт үйүнүн алдында жаңы Салык кодексине каршы митинг өтүүдө

Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында көзөмөл кассалык аппарат киргизүүгө каршы митинг өтүүдө. Акцияга чыккан 100гө жакын киши өкмөттөн кассалык аппарат колдонууну милдеттендирген Салык кодексинин жаңы редакциясын чакыртып алып, Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна коюуну талап кылды. Митингде сөз сүйлөгөн активист Атай Бейшенбек уулу бул талапты аткаруу үчүн өкмөткө 29-декабрга чейин убакыт берилерин, эгер ал аткарылбаса ишкерлер мөөнөтсүз акция баштарын айтты.

Акциянын жыйынтыгында митингдин катышуучулары өз талаптары камтылган кайрылууга кол коюп, өкмөткө жолдоду.

Алар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жана экономика министри Данияр Амангелдиев жолугуп, Салык кодексинин жаңы редакциясы тууралуу түшүндүрдү.

Кыргызстанда 2022-жылдан тарта жаңы Салык кодекси ишке киргени турат. Анын алкагында, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субьекттеринде жапырт көзөмөл кассалык аппараттарды киргизүү чечими кабыл алынган. Министрлер кабинети мунун эсебинен бюджетке түшкөн салык, бажы төлөмдөрүн көбөйтүү максатын айтууда.

Буга чейин кассалык аппараттарды киргизүүгө каршы "Дордой", "Дордой Моторс", "Таатан" базарларындагы соодагерлер акцияга чыгышкан болчу. (BkA)

Дагы караңыз

Ноокатта өрт кырсыгынан төрт адам каза болду"Дордой-Моторс" базарынын соодагерлери ККМди колдонууга каршы акцияга чыктыCOVID-19: эки бейтап каза таптыБШКнын квота боюнча арызы Жогорку сотто 28-декабрда каралатМадумаров "Ысык-Көл" мейманканасына байланыштуу пикирин билдирди