Бишкек Жылуулук электр сатанциясында (ЖЭБ) суу түтүгү жарылып, оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева "Азаттык" радиосуна билдирди.
Маалыматка караганда, 25-декабрда саат 22.30 да Бишкек ЖЭБинин жээктеги насостук станциясында суу түтүгү жарылган. Ыкчам аракеттердин жыйынтыгында ал 26-декабрда чектелип, учурда аны жоюу иштери жүрүп жатат.
"Электр жана жылуулук жүктөмү өз нормасында. Бишкек ЖЭБиндеги иштин штаттык режими сутканын ичинде калыбына келтирилет", - деп айтылат маалыматта.
2018-жылдын январь айында ЖЭБде авария болуп, борбор калаа бир нече күн энергиясыз калган. Буга байланыштуу кийин ишкананы оңдоп-түзөө боюнча «Коррупция» беренеси менен иш козголуп, тиешелүү жетекчилер соттолгон.
2020-жылы октябрда ЖЭБде авариялык абал пайда болуп, көп өтпөй калыбына келген. (КЕ)
Дагы караңыз
Орус аскерлери Украина менен чек арадан кетип жатканы кабарландыHRW: Орус бийлиги сөз эркиндигине болгон кысымды күчөттүАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайтНобел сыйлыгынын лауреаты Десмонд Туту дүйнөдөн кайтты