27-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар түшөт.
Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан сооккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…-5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус суук.
Бишкек шаарында 27-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 0…-2 суук болот.