27-декабрдан 10-январга чейин Кара-Кече көмүр кенинен көмүр сатуу убактылуу токтотулат. Бул аралыкта кенде тазалоо иштери жана көмүрдүн жаңы катмарын ачуу иштери жүргүзүлө турганын "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу үзгүлтүксүз улантылат.
Быйыл сентябрь айынан татып Кара-Кече көмүр кенинен 0,5 млн. тонна көмүр казылып алынган.
Кара-Кече кенинде тазалоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу көмүр казуу 15-20-декабрь күндөрү да токтогон болчу.
Кыргызстанда суук түшөрү менен энергетикалык каатчылык сезиле баштады. Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлдү. Ортомчулар менен талаш-тартыштан улам Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылык жаралган. (ZKo)
Дагы караңыз
Баткен: кыргызстандык чек арачылар күчөтүлгөн тартипке өттүКыргызстанда күтүлгөн тобокелчилик жана өзгөрүүлөрБишкекте 221 мыйзамсыз турак жайга техпаспорт берилдиКоронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду Кыргызстанда коронавируска каршы 2 миллиондон ашуун адам эмделдиКан жолдогу кырсыктар 780 кишинин өмүрүн кыйды Христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдөГендердик квота: партиядан колдоо таппаган аялдар