Коронавирустан дагы үч бейтап кайтыш болду 

Бишкектеги коронавирустан дарылоочу оорукана. Иллюстрация.

26-декабрга карата Кыргызстанда коронавируска 38 адам чалдыкканы тастыкталды. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкекте -23, Ош шаарында -1, Чүй облусунда -2, Ысык-Көл облусунда -2, Ош облусунда -2, Жалал-Абад облусунда -2, Баткен облусунда -1.

Таласта вирус жуктургандар катталган жок.

Былтыр марттан бери Кыргызстанда жалпы 184 477 адам коронавирус жуктурган.

Акыркы суткада илдеттен 3 адам каза тапты. Коронавируска каршы ыкчам штаб каза болгондор эмделбегенин маалымдады. Ушуну менен оорудан жалпы 2795 адам көз жумду.

Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу 2020-жылы 18-мартта аныкталган.(ZKo)

Дагы караңыз

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу тынчКан жолдогу кырсыктар 780 кишинин өмүрүн кыйды Христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилешүүдөБыйылкы 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза болдуМосква соту Фейсбукту 1,9 млрд. рубль айыпка жыктыАКШ президенти Жо Байден Шинжаңдан товар импорттоого тыюу салдыКумтөр: купуя сүйлөшүүнүн экинчи раундуГендердик квота: партиядан колдоо таппаган аялдар