"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын кызматкери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

"Кадастр" мамлекеттик кызматынын Кара-Кулжадагы филиалынын жетекчисинин милдетин аткаруучу А. М. коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүүгө карата Кылмыш кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Былтыр декабрда жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору коррупцияга шек саналып кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аны "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча алган туруктуу коррупциялык схема уюштурган деп шек санап жатканын билдирген.

Быйыл “Кадастр” мекемесинин Оштогу, Баткендеги филиалдары коррупцияга байланыштуу текшерилип, айрымдарынын жетекчилери кармалган. (ZKo)

Дагы караңыз

COVID-19: Жаңы 44 учур катталдыИсфана шаарына Исхак Раззаковдун аты берилетБыйылкы 11 айда жол кырсыгынан 780 адам каза болдуТабалдыев: Биз “киргиз” деп жазсак, Худяков“кыргыз” деп жазчуБир мандаттуу округдардан кимдер депутат болду?УКМК кримавторитет "Женго" камакта калганын билдирдиОрусия Google компаниясын миллиондогон доллардык айыпка жыктыЖаңы жылдык эс алуу тогуз күн болотГонконгдо Тяньаньмэнь окуяларына арналган дагы эки эстелик алынды