Белгилүү драматург, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевге Казакстандын “Биримдик” (Бірлік) алтын медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Казакстан элинин ассамблеясынын мүчөсү Шавкат Исмаилов Фейсбук баракчасына жазды.
“Биримдик” алтын медалын Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев негиздеген. Ал Казакстан элинин ассамблеясынын коомдук сыйлыгы болуп саналат жана көптөгөн өлкөлөргө кеңири таанылган, коомдун кубаттоосуна ээ болгон казакстандык жана чет элдик жарандар сыйланат.
Маалыматка караганда, сыйлык Султан Раевге Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө жана чыңдоого, ынтымакты жана туруктуулукту бекемдөөгө, кызматташтыкты арттырууга, улуттук маданияттарды жана достук мамилелерди жакындаштырууга кошкон салымы, маданиятка сиңирген эмгеги үчүн берилген.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев 1958-жылы 13-июлда Ош облусунун Кара-суу районунун Жоош айылында туулган.
1984-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин, 1994-жылы АКШнын Канзас университетинин журналистика жана коомдук коммуникация факультетинин стажировкасын бүтүргөн.
2006-2010-жылдары Маданият жана маалымат министри болуп эмгектенген.
Раевдин "Жанжаза", "Топон" романы, "Күн кармаган бала", "Чаң жол" китептери орус, украин, француз, кытай тилине которулуп, жарык көргөн. Ал эми "Кашар", "Оо, кыздар", "Суфлер", "Тайамам" спектаклдери менен "Маң", "Ханышанын көз жашы", "Барсбек" "Илек-илек", "Таажы" драмалары жергиликтүү жана чет элдик театрларга коюлуп, бир катар сыйлыктарга ээ болгон. (MZh)
Дагы караңыз
Студенттик спектаклдердин "Жаңы ысымдар" театр фестивалы башталдыКубанычбеков: Кытайдан келген жүк ташуучу унаалардын 75% башка мамлекеттерге өтүп кетүүдөАба ырайы: кээ бир аймактарда туман түшөт