COVID-19: бир күндө эки киши каза болду, 39 жаңы учур катталды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдан билдиргендей, 24-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталып, эки бейтап каза болду. Каза болгон жаран вакцина алган эмес.

Ушуну менен 2020-жылдын март айынан бери вирустан 2 790 киши көз жумду.

  • Бишкек шаары – 23
  • Ош шаары-1
  • Жалал-Абад облусу - 3
  • Чүй облусу - 3
  • Ош облусу - 4
  • Ысык-Көл облусу - 5.

Азыркы учурда өлкө боюнча 642 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 287си ооруканада болсо, 337 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда. Вирус аныкталгандардын 99 пайызы вакцина албагандар.

Өлкөдө COVID-19га каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 23-декабрга карата 1 млн. 200 миңдей адам эмдөөдөн өттү. Алардын 1 миллиону эки дозаны бирдей сайдырышты.

Вирустун жаңы түрүнө байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга чек арадан кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. "Омикрон"-штаммы катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт. Өлкө аймагында вирустун жаңы түрү катталган эмес.

Дагы караңыз

Кыргызстанда ПЧР-тесттерди текшерүү күчөтүлөтСумаянын өлүмүнө шек саналган адам коё берилгенин адвокаты кабарладыБишкекте "Кумтөр" алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өттүЧеченстандын дин башкармалыгы Эрдоганды "эки жүздүүлүккө" айыптады