Аба ырайы: күн ачык болот

Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызгидромет борбору 24-декабрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал экенин билдирди. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 5…10;

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…+4, күндүз 18…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7;

Бийик тоолордо түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 6…8 градус жылуу болоору күтүлөт.

Дагы караңыз

Путиндин жылдык маалымат жыйыны башталдыСөздүн куну: баарын алдоого мүмкүн эмесУлуттук хоккей лигасы Бээжинге оюнчуларын жибербейт"Кыргызкөмүр" Кара-Кечедеги чырга чагымчылдарды айыптады