УКМКнын Чек ара кызматы чек арага жакын Максат-Жаштык жолунда кыргыз жаранынын октон жараат алганы боюнча күнөөнү тажик тарап өз мойнуна алганын кабарлады.
Маалыматта окуя боюнча эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, окуяны талкуулашканы жазылган.
"Тажик тарапка окуянын хронологиясы көрсөтүлдү. Чек ара кызматынын аймактык жетекчилиги өз кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин моюнга алды. Катачылык жол берген аскерлерге тажик тарап чара колдонору айтылды", - деп жазылат билдирүүдө.
Аталган факт Тажикстандын аскер прокуратурасы тарабынан иликтене турган болгон.
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында абал тынч экенин билдирди.
Окуя боюнча Тажикстан тараптан расмий комментарий боло элек.
22-декабрда Баткен облусунун Тажикстан менен чек аралаш аймагындагы жолдо курал колдонуу менен коштолгон окуя катталган. Тажик чек арачылары кыргызстандык автоунаага үч ирет ок атышканы айтылган. Окуя боюнча Лейлек районунун жана Тажикстандын Ганч районунун чек ара өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик жетекчилери жолукту.
Кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан тез-тез эле ар кандай мүнөздөгү жаңжалдар катталып келүүдө. Ушул жылдын 28-апрелинен 1-майына чейин уланган куралдуу кагылышта Кыргызстандан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашык адам жараат алган. Тажикстан тараптан 19 киши өлүп, 87 адам жаракат алганы расмий кабарланган.(JsA)
Дагы караңыз
Ала качууну сындаган тасма "Оскардын" кыска тизмесине илиндиБир мандаттуу округдардан кимдер депутат болду?“Манас” айтуу боюнча окуучулар арасында республикалык сынак өтөтКөк-Таш айылындагы ок атуу боюнча териштирүү жүрүүдө