Нургазы Нишанов "Кыргызнефтегаз" ишканасына жетекчи болду

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын имараты.

“Кыргызнефтегаз” ишканасынын төрагасы болуп Нургазы Нишанов дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан билдиришти.

Нургазы Нишанов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал 2017-жылы мандатын тапшырып, "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп дайындалган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясынын тизмеси менен катышкан.

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын 85% акциясы Мамлекетттик мүлк фондуна, калганы элге тиешелүү. Ишкана быйыл президент менчикке өткөрүш керек деген мамлекеттик мүлктөрдүн тизмесине кирген. (МТа/TB)

Дагы караңыз

Диний догмаларга каршы турган Лев Толстой Сот Равшан Жээнбековду камактан бошотууну чечти Грузия: оппозиция Саакашвилини колдоп, митингге чыктыАкылбек Жапаров парламенттин 6-чакырылышы тарыхый миссия аткарганын билдирди