Шейшемби күнү кечинде Тбилисиде парламент имаратынын алдына оппозициянын миңдеген тарапкерлери чогулуп, камактагы экс-президент Михаил Саакашвилини бошотууну талап кылышты.
Оппозиция лидерлеринин бири Хатия Деканоидзе "Грузияда адамдардын эркиндиги менен соодалашууну токтотуу керек" деп чогулгандарга кайрылды.
Оппозициянын дагы бир өкүлү Заал Удумашвили талаптар аткарылмайынча мөөнөтсүз нааразылык акцияларын өткөрүүгө убада берди.
"Үчүнчү президент (Саакашвилини айтып жатат) бошотулмайынча жана ага каршы соңку 7 жылдан бери жүрүп жаткан саясий куугунтук токтомоюнча нааразылык акциялары уланат", - деди Удумашвили.
21-декабрда шейшембинин кечиндеги оппозициянын демонстрациясы Саакашвилинин туулган күнүнө туура келди.
Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили шейшембиде 54 жашка толду.
Саакашвили октябрда Грузиядагы жергиликтүү шайлоонун алдында өзү негиздеген партияга колдоо көрсөтүү үчүн мекенине кайтып келери менен кармалып, камакка алынган.
Экс-лидер 2013-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин Грузиядан чыгып кеткен жана кийин жарандыктан ажыратылып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, сот аны сыртынан алты жылга эркинен ажыраткан.
Дагы караңыз
Сот Равшан Жээнбековду камактан бошотууну чечти Акылбек Жапаров парламенттин 6-чакырылышы тарыхый миссия аткарганын билдирдиАтамбаевдин бөгөт чарасы 17-январда каралмай болду