Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

23-декабрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады. Күндүзү Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаашы күтүлөт

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2...+3, күндүз 7…12;

Талас жергесинде түнкүсүн -3...+2, күндүз 7…12;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6;

Бийик тоолордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…+2, күндүз 8…10 градус жылуу болоору күтүлөт.

Дагы караңыз

Саясатчы Бактыбек Калмаматов УКМКнын тергөө абагына камалдыЖогорку Сот Атазовдун арызын четке какты Хакасияда түрктөр тууралуу тасма тарткан журналисттер кармалдыПарламент Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга макулдук берген жок  Бакиров Өзбекстанга элчи катары Иминов жең ичинен дайындалып жатканын айтып чыкты